Редакцияот 03/08/2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXI отуруму

 

2018-жылдын 03-августу №21/1

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын 2018-жылдын 03-августундагы № 1, 2 протоколдору жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын № 1, 2 протоколдорун угуп жана талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасына шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын 03-август 2018-жылдагы № 1, 2, протоколдору бекитилсин (протокол тиркелет).

 

Тѳрага

Д.Т. Жээнбеков

 

 

Тиркеме 20/2

 

Тиркеме 21/2 токтомуна

Алай районунун Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын төрагасын шайлоо боюнча

ЭСЕПТӨӨ КОМИССИЯСЫНЫН

№1 ПРОТОКОЛУ

03-август 2018-ж

Гүлчө айылы

 

 

Комиссиянын отурумуна эсептөө комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрү катышышты

 

1 Арыкбаев Кудайберди

2 Жаныбеков Асанбек

3 Талантбек уулу Азамат

 

Күн тартиби:

 

1.Эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо.

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2.    Эсептөө комиссиянын төрагасы (төрайымы) болуп Арыкбаев Кудайберди шайлансын.

3.    Эсептөө комиссиянын катчысы болуп Жаныбеков Асанбек шайлансын.

 

Эсептөө комиссиянын төрагасы (төрайымы)

К Арыкбаев

 

Эсептөө комиссиянын катчысы

А Жаныбеков

 

Эсептөө комиссиясынын мүчөсү

А Талантбек уулу

 

 

 

Тиркеме 21/2

Алай районунун Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын төрагасын шайлоо боюнча

ЭСЕПТӨӨ КОМИССИЯСЫНЫН

№2 ПРОТОКОЛУ

03-август 2018-ж

Гүлчө айылы

 

Комиссиянын отурумуна эсептөө комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрү катышышты

 

1 Арыкбаев Кудайберди

2 Жаныбеков Асанбек

3 Талантбек уулу Азамат

 

 

Күн тартиби: Алай районунун Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын төрагасын шайлоо боюнча добуш берүү бюллетенинин формасын бекитүү жөнүндө.

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Алай районунун Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын төрагасын шайлоо боюнча добуш берүү бюллетенинин формасы бекитилсин.

2.    Эсептөө комиссиясынын №2 протоколун бекитип берүү жагы Гүлчө айылдык кенешинен суралсын.

 

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Эсептөө комиссиянын төрагасы (төрайымы)

К Арыкбаев

 

Эсептөө комиссиянын катчысы

А Жаныбеков

 

Эсептөө комиссиясынын мүчөсү

А Талантбек уулу