ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXI отуруму
2018-жылдын 03-августу №21/4
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча өткөрүлгөн ачык добуш берүүнүн жыйынтыгынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 38-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп көпчүлүк добуш менен Гүлчө айылдык кенешинин депутаты Жаныбеков Асанбек Жаныбекович шайланды деп эсептелинсин.
Тѳрага | Д.Т. Жээнбеков |
|
|