Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-сентябры №29/7
Катраң айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттин тартыштыгына байланыштуу аткарууга алынбай калган Катраң айыл өкмөтүнүн ТӨПрограммасындагы төмөнкү иш чаралар;
Ø Баул айылына баруучу Исфана-Баул жолу
Ø Катраң айылындагы Борбордук көпүрөнү капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору
Ø Алманы кайра иштетүүчү цех куруу айыл өкмөтүнүн кийинки жылдардагы ТӨПрограммасына киргизүү жагы пландалсын.
2. Иш чаралардын аткарууга алынуусуна жетишүү жана көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы Н.Абаловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылсын.
Тѳрага | Акматов А. |
|
|