Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-августу № XIII-1
Ноокат шаарына караштуу “Раяна-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин “отказанын оңдоп түзөө” жана чатырын кошумча ишин бүтүрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарына караштуу “Раяна-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен:
-отказанын оңдоп түзөө үчүн 105 000 (бир жүз беш миң) сом;
-чатырын кошумча ишин бүтүрүү үчүн 76 620 (жетимиш алты миң алты жүз жыйырма) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |
|
|