Редакцияот 08/08/2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы

 

2018-жылдын 08-августу № XIII-4

Ноокат шаарына караштуу У.Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Ноокат шаарына караштуу У.Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин трансформатордон тартылган электр чубалгысын жаңылоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарына караштуу У.Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен:

-электр чубалгысын жаңылоо үчүн 36 000 (отуз алты миң) сом;

-отказандарын оңдоп түзөө үчүн 147 000 (бир жүз кырк жети миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

А. Гафаров