Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-августу № XIII-7
Ноокат шаарына караштуу Барын кварталынын Аэропорт көчөсүндө жайгашкан скважинанын мотору иштен чыгып, жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу, жаны сатып алынган моторду орнотууга керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарына караштуу Барын кварталынын Аэропорт көчөсүндө жайгашкан скважинанын тийиштүү жабдууларын сатып алуу үчүн 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен 66 525 (алтымыш алты миң беш жүз жыйырма беш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |
|
|