НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2018-жылдын 08-августу № XIII-8
Ноокат шаарына караштуу “Балапан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин “отказанын оңдоп түзөө” үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу “Балапан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин “отказанын оңдоп түзөө” үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарына караштуу “Балапан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин “отказанын оңдоп түзөө” үчүн 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |
|
|