Редакцияот 08.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы

 

2018-жылдын 08-августу № XIII-9

Ноокат шаарынын аймагындагы “Растищка” мектепке чейинки билим берүү мекемесине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Ноокат шаарынын аймагындагы “Растищка” мектепке чейинки билим берүү мекемесине (камфорка) мешин сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагындагы “Растищка” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен (камфорка) мешин сатып алуу үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

А. Гафаров