Редакцияот 08.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы

 

2018-жылдын 08-августу № XIII-10

Ноокат шаарындагы таштандыларды таштоочу жайды тосуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Ноокат шаарындагы таштандыларды таштоочу жайды тосуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарындагы таштандыларды таштоочу жайды тосуу үчүн 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен 366 689 (үч жүз алтымыш алты миң алты жүз сексен тогуз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

А. Гафаров