НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2018-жылдын 08-августу № XIII-11
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын №2 отказанын оңдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын №2 отказанын оңдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын №2 от казанын оңдоо үчүн 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен 463 513 (төрт жүз алтымыш үч миң беш жүз он үч) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |
|
|