Редакцияот 08/08/2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы

 

2018-жылдын 08-августу № XIII-12

Ноокат шаарына караштуу А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин көркөм жасалгалоосу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Ноокат шаарына караштуу А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин көркөм жасалгалоосу үчүн Ноокат шаардык мэриясынын бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарына караштуу А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин көркөм жасалгалоосу үчүн Ноокат шаардык мэриясынын ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 238 382 (эки жүз отуз сегиз миң үч жүз сексен эки) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

А. Гафаров