Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-августу № XIII-13
“Ноокат Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын 2018-2019-жылытуу мезгилине жылуулук үчүн тарифтерди бекитип берүү боюнча 2018-жылдын 20-июлунда Ноокат шаардык кеңешине жазган №1 катын угуп жана талкуулап, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ноокат Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын 2018-2019-жылытуу мезгилине жылуулук үчүн тарифтери төмөндөгү таблица боюнча бекитилсин:
№ | Аталышы | Көлөмү | Суммасы |
|
1 | Бюджеттик жана башка ишкана мекемелер үчүн | 1 г ккал | 3056-16 | Салыктарды эсепке албаганда |
2 | Көп кабаттуу үйлөр жана жер үйлөрдө жашаган элдер үчүн | 1 г ккал | 1134-76 | Салыктарды эсепке албаганда |
2. “Ноокат Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын 2018-2019-жылытуу мезгилине жылуулук үчүн тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |
|
|