Редакцияот 08.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы

 

2018-жылдын 08-августу № XIII-14

Ноокат шаарынын Ленин атындагы көчөсүндө жайгашкан В.И.Лениндин айкелин жана анын айланасын Ноокат районунун 90 жылдык марекесине карата оңдоп түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Ноокат шаарынын Ленин атындагы көчөсүндө жайгашкан В.И.Лениндин айкелинин жана анын айланасын Ноокат районунун 90 жылдык марекесине карата оңдоп түзөө үчүн акча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын Ленин атындагы көчөсүндө жайгашкан В.И.Лениндин айкелинин жана анын айланасын Ноокат районунун 90 жылдык марекесине карата оңдоп түзөө үчүн 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Тѳрага

А. Гафаров