Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-августу № XIII-16
Ноокат шаарынын С. Алимбаев, М. Эргашев, Т. Кодирбаев, Хожам-Кары, Н.К. Крупская, Жуков атындагы жана Жаштык, Аэропорт көчөлөрүнүн түнкү чырактары өчүп калгандыгына байлашыштуу түнкү чырактарды сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы С. Алимбаев, М. Эргашев, Т. Кодирбаев, Хожам-Кары, Н.К. Крупская, Жуков атындагы жана Жаштык, Аэропорт көчөлөрүнө түнкү чырактарды сатып алуу үчүн 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен 447 510 (төрт жүз кырк жети миң беш жүз он) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |
|
|