Редакцияот 08.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы

 

2018-жылдын 08-августу № XIII-17

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине компьютер жетишсиз болуп жаткандыктан комплект комьпютер сатып алуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом, кенсе буюмдарын сатып алуу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом, жылдын аягына чейин архитектуралык ИТШ жана АТШ жасатуу үчүн 30 000 (отуз миң) сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен:

-комплект комьпютер сатып алуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом;

-кенсе буюмдарын сатып алуу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом;

-ИТШ жана АТШ жасатуу үчүн 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

А. Гафаров