Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-августу № XIII-20
“Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун колдонулуп келе жаткан прейскуранттык баалары бүгүнкү күндөгү инфляцияга байланыштуу жаңы прейскуранттык бааларын бекитип берүү жөнүндөгү “Ноокат Коммунальщик” коомунун 2018-жылдын 30-июлунда Ноокат шаардык кеңешине жазган №17 катын угуп жана талкуулап, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомунун жаны прейскуранттык баалары төмөндөгү таблица боюнча бекитилсин.
№ | Аталышы | Көлөмү | Суммасы |
1 | МТЗ-82-1 трактору менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу | 1м3 | 400 сом |
2 | МТЗ-82-14 трактору менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу | 1м3 | 509,9 сом |
3 | Автомашина ГАЗ-3309 менен катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу | 1м3 | 339,5 сом |
4 | Автомашина ГАЗ-3309 АС менен суюк типтеги акыр-чикирлерди ташуу | 1м3 | 741,6 сом |
5 | МТЗ-82-1-15 трактору менен катуу типтеги акыр-чикирлерди жуктөө жана сүрүү | 1 сааты үчүн | 614 сом |
6 | Т-40 трактору менен көчөнү тазалоо жана жуу | 1м3 | 288,7 сом |
7 | Калктын катуу типтеги акыр-чикирлерди ташуу. (1 киши үчүн) | 1 ай үчүн | 30 сом |
8 | Калктын суюк типтеги акыр-чикирлерди ташуу. (1 киши үчүн) | 1 ай үчүн | 30 сом |
2. “Ноокат Коммуналдык чарбасы” акционердик коомуна жаны прейскуранттык бааларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |
|
|