Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №45а
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайыт комитетинин төрагасы Э.М.Мутуевдин 2017-жылдагы аткарган ишинин маалыматы жактырылсын.
2. Мал ээлерине жайыт билеттерин берүү, жакынкы жайыттарга отургузбоо, жайыт графигин түзүү, алыскы пайдаланылбаган жайттарга көчүрүү жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары 2018-жылга иш план бекитилсин:
Киреше бөлүгү-1028000сом
Чыгаша бөлүгү-102500сом
Шартту жайыт акысы-80 сом
Жылкы-80 сом, кой-эчки – 16 сом
4. Жайыт жерин башка максатта пайдалануучуларга:
Жайыт жерин тозуп пайдалануучуларга 1га жерге 4000 сом,
5. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыттарын туура пайдалануу үчүн, сырттан келген жайыт пайдалануучулар менен жайыт комитети келишим түзүп жайвттв туура пайдалануу жагы каралсын.
6. Жайыт жерин бул токтом кабыл алынган күндөн баштап жайыт жерин тозууга тыюуу салынсын, аткарылышы Э. Мутуевге тапшырылсын.
7. Жайыт чек араларын райондук деӊгээлдеги мамлекеттик кызматтар менен чечүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Э. М. Мутуевге жана айыл өкмөт башчысы А.Д. Бекишовго милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Ө.Т. Төрөкуловко тапшырылсын.
9. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды,
Тѳрага | Г.Б. Сманова |
|
|