Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №46
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жазгы-айдап себүүгө карата техника акыларын жана жаз-күз мезгилинде мал багуучулардын бада акыларынын бекитилиши боюнча маалыматы айыл өкмөтүн тиешелүү адистери жайыт комитетинин төрагасы, бадачылар менен жана айыл тургундары катышкан элдик жыйында тааныштырылып айтылган сунуш пикирлер эске алынып төмөндөгүдөй баада бекитилсин:
Жазгы жер айдоо 1 га жерге – кызмат акысы күйүүчү май ичинде 2500 сом.
Жер малалоого 1 га жерге – кызмат акы күйүүчү май ичинде – 800 сом
Тоют ташууга аралыгына жараша күйүүчү май ичинде 500-1000 сомго чейин
Чөп чабууга 1 га жерге күйүүчү май ичинде чөп чабуу жана чогултуу акысы – 3000сом.
2. Жаз-күз бадачыларга малды багып келүү акысы төмөндөгүдөй баада бекитилсин.\
Ири мүйүздүү малга бир башына -300 сом тузу ичинде.
Кой-эчкилерге бир башына 55 – сом тузу ичинде.
3. Бадачыларга жаз-күз маалында малды тоодон 1-майдан баштап 1-октябрга чейин айылга түшүрбөө жагы эскертилсин, белгиленген мөөнөттөн мурда бада багуучулар айыл ичине көчүп келсе 1000 сомдон 10 000 сомго чейин айып пулу салынсын.
4. 2018-жылдын апрель айынын 25 не чейин жогорудагы баалардан ашпоо үчүн бадачылар жана техника ээлери менен келишим түзүп көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Д. Бекишовко милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Д. Бекишовко тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Ө.Т. Төрөкуловко тапшырылсын.
7. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды,
Тѳрага | Г.Б. Сманова |
|
|