Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №48
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө 2018-жылда жергиликтүү салык төлөмдөрүнүн эсебинен айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында айылдык Кеӊештин туруктуу комиссиясынын токтомуна ылайык жергиликтүү бюджетке кошумча киреше булактарын (транспорт, жер салыктары, аренда ФПС) табуу жагы айыл өкмөткө тапшырылсын жана 2018-жылдын II-кварталында жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө төмөндөгүдөй жумшоо жагы каралсын.
Апарат бөлүмү:
а) “АПАКЕМ” фонду тарабынан курулуучу Борколдой алылындагы көпүрөгө долбоорлук иш кагаздарын даярдоого 75,0 миӊ сом, 2215-берене;
б) Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүнө күйүүчү майга 10,0 миӊ сом, 2215-берене;
в) Камыш-Башы, Алмамат айылдарындагы жолдорго труба коюуга 21,0 миӊ сом, 2215-берене;
г) Кызыл-Өзгөрүш айылындагы борбордук жолдорго труба коюуга 39,0 сом, 2215-берене;
д) Чалдыбар айылындагы жолдорго труба коюуга 12.0, миӊ сом, 2215-берене;
е) Көк-Таш айылындагы жолдорго 4 труба коюуга 12,0 миӊ сом, 2215-берене;
ж) Шайык айылындагы (Султанкулов К.) арыкты оӊдоп түзөөгө 30,0 миӊ сом, 2221-берене;
з) Борбордук спорт-комплексти ремонттоого 20,0 миӊ сом, 2221-берене;
и) Көк-Таш айылындагы окуучулар өтүүчү көпүрө курууга кошумча 45,0 миӊ сом, 3111-берене;
к) Ак-Жар айылынын Кеӊ-Туулук суусунан Кумдама учаскасына өтүүгө көпүрө курууга 280,0 миӊ сом, 3111-берене;
л) Айыл өкмөттүн алдында уюшулган “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасына техника алууга 350,0 миӊ сом, 2511-берене (субцидия);
Мектептер бөлүмү:
м) Окуучулар арасында өтүүчү областык спартакиадасына катышууга жол каржысына 56,0 миӊ сом, 2211-берене;
н) Бишкек шаарында өтүүчү “Манас таануу” кароо сынагына катышып келүүгө (Ж. Чаргынов мектеби) 31,0 миӊ сом, 2211- берене;
Жеӊилдиктер бөлүмү:
ӊ) Ар канда спорттук иш чараларга 20,0 миӊ сом, 2215-берене;
о) Кубанычбек уулу Жылдызбектин дарылануусу үчүн 15,0 миӊ сом, 2721-берене;
ө) Жайлообек кызы Алинага дарылануу үчүн 50,0 миӊ сом, 2721- берене;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Г.Б. Сманова |
|
|