Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №49
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ӨКМ нин мониторинг департаментинин 2015-жылдын 134-корутундусу кабыл алынган, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылындагы №36 А. Ибраимов атындагы мектептин 3 корпустан турган имараты окуучуларга билим берүүгө мүмкүн эмес. Өтө авриялык абалда деген корутундусуна жогорку мамлекеттик бийлик органдары тарабынан эч кандай көӊүл бурулбагандыгы өзгөчө белгиленсин.
Бүгүнкү күнү аварииялык мектепте 305 окуучу билим алып жаткандыгы анык.
2. Мектептин 3 окуу корпусунда түзүлгөн оор авариялык абалды жеринде көрүп, жардам берүү үчүн 2018-жылдын 2-апрель күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан, ӨКМдин райондук бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчи кызматкерлери жана айылдык Кеӊештин 11 депутаттарынан түзүлгөн комиссия курамынын актсы жана протоколу эске алынсын.
Комиссия курамы кабыл алган тиешелүү документтер Токтогул райондук мамлекеттик администрацияга, Жалал-Абад областынын Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө, КРнын илим билим берүү министрлигине, КР нын ӨКМине, КРнын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеӊешке жиберилсин.
3. №36 А. Ибраимов атындагы мектептин авриялык 3 корпусунда (1 корпусу кулап калган) окуучуларды алып чыгып билим берүү үчүн 10 палатка менен 2018-жылдын 10-апрелине чейин камсыз кылуу жагы Жалал-Абад областынын Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү К. Сатыбалдиевден КР нын ӨКМинин областык башкармалыгынын башчысы Ш. Исаевден суралсын.
4. №36 А. Ибраимов атындагы орто мектеп авариялык абалда турган 3 корпустан 305 окуучуларды толук көчүрүп чыгарып билим берүү үчүн боз үйлөрдү чатырларды 2018-жылдын 10-апрелине чейин уюштуруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы А. Бекишов милдеттендирилсин.
Эгерде 2018-жылдын 10-апрелине чейин боз үй палаткалары менен камсыз кылбаса айыл өкмөт башчысы А. Бекишовго керт башы менен жооп берери милдеттендирилди.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Г.Б. Сманова |
|
|