Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №51
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл- Өзгөрүш айыл аймагынын Бел-Кара-Суу айылынын Бел участкасынан 0,05га жер аянты таштанды төгүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Таштанды төгүүчү полигондун АПУсун жана ИПУсун даярдап, чийип берүү жагы Токтогул курулуш жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Таштанды төгүүчү полигонго керектүү иш кагаздарын даярдоо, талапка жооп бергендей тосуп иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Д. Бекишовго милдеттендирилсин.
4. Таштанды төгүүчү полигонго керектүү документацияларды даярдоого кеткен акча каражат Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Курулуш, архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Г.Б.Сманова |
|
|