Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №52
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Көк-Таш айылындагы Коӊур-Өгүз суусуна Кыргыз Республикасынын ӨКМ тарабынан курулуучу көпүрөгө уруксат берилсин.
2. Көпүрөөгө керектүү АПУ жана ИПУну даярдап берүү жагы Токтогул архитектура жана шаар башкармалыгынан суралсын.
3. Көпүрө курууга керектүү документацияларды даярдоону өз убагында камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А. Д. Бекишовго милдеттендирилсин.
4. Көпүрө курууга керектүү документацияларды даярдоого кеткен акча каражат Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Курулуш, архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Г.Б.Сманова |
|
|