Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №55
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон айылындагы Опоз, Жутма участкаларындагы көчөнүн жашоочуларынын жалпы чогулушунун токтомун, кайрылуусун жана айылдык кеңештин туруктуу комитетинин отурумун эске алып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон айылындагы Опоз, Жутма участкаларындагы мурда ысымы жок көчөгө маркум Жээнкулов Абазбектин ысымы берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон айылындагы Опоз, Жутма участкаларындагы маркум Жээнкулов Абазбектин ысымы берилген көчөнүн жашоочулары чогулуп көчө комитеттин көрсөтүп, шайлап көчөнүн жашылдандыруу көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Маркум Жээнкулов Абазбектин ысымы берилген көчөдөгү турак жайларга Жээнкулов Абазбектин ысымы, үй номерлерин катарынан жаздырып илдирүү, көчөгө ысымы берилген атуулдун туугандарына, балдарына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Д. Бекишовго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Г.Б.Сманова |
|
|