Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-июну №56
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын ДЭП-30 ишканасынын жетекчиси Э.Сейталиевдин 2018-жылда Үч-Терек, Кызыл-Өзгөрүш айылдарынын ортосундагы жолдорду оңдоо боюнча аткарыла турган иштеринин маалыматын жактырылсын. Депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлер, суроо-талаптар толугу менен эске алынсын.
2. 2018-жылда Үч-Терек, Кызыл-Өзгөрүш айылдарынын ортосундагы жолдорду оңдоо боюнча айтылган тапшырмаларды толугу менен аткаруу жагы Кара-Көл шаарынын ДЭП-30 ишканасынын жетекчиси Э.Сейталиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Бакиевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Г.Б.Сманова |
|
|