Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-июну №58
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы таштаныдыларды чогултуп ташууга авто унаа алууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн 350 миң сом акча каражатка ишканага КАМАЗ авто унаасын алууга каражат жетишпей жаткандыктан дагы кошумча 50 000 сом каралып, жалпы айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 400 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын документ иштерин даярдоого айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетин 30 000 сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн карамагындагы 21074 маркасындагы 6030ВВ номердеги кызматтык авто унаасы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын балансасына өткөрүлүп берилсин. Авто унааны ишкананын балансасына өткөрүп берүү үчүн комиссия курамы түзүлсүн.
4. “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директорунун эмгек маянасы 7000 сом өлчөмүндө, башкы эсепчисинин эмгек маянасы 3000 сом өлчөмүндө чектелип берилсин.
5. Токтомду аткаруу Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевге тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
7. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Г.Б. Сманова |
|
|