Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-июну №60
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад Жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын 17.05.2018-жылдагы №18-15\324 сандуу катынын негизинде Кызыл-Өзгөрүш аймагындагы Бууракан айылындагы электр энергиясы менен камсыздап 10 электр мамычысы ээлеп турган 0,0055 га жер тилкеси Жалал-Абад Жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасына бекитилип берилсин жана укуктук документтерин мыйзамдаштырууга уруксат берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш аймагындагы Бууракан айылындагы электр энергиясы менен камсыздап турган жер тилкесин Жалал-Абад Жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасына бекитилип жана укуктук документтерин мыйзамдаштырууга керектүү АПУ жана ИПУну даярдап берүү жагы Токтогул архитектура жана шаар башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Курулуш, архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Г.Б. Сманова |
|
|