Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-июну №61
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Бууракан айылындагы авариялык абалда турган № 38 М. Термечиков атындагы орто мектебинин ордуна 220 орунду жаңы мектеп курууга уруксат берилсин.
2. Мектеп курууга керектүү АПУ жана ИТУну даярдап берүү жагы Токтогул архитектура жана шаар башкармалыгынан суралсын.
3. Мектеп курууга керектүү документацияларды даярдоону өз убагында камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А. Д. Бекишовго милдеттендирилсин.
4. Мектеп курууга керектүү документацияларды даярдоого кеткен акча каражат Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Курулуш, архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Г.Б. Сманова |
|
|