Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-июну №63
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Жайыт комитетине Мал чарбасын жана базар экономикасын өнүктүрүү долбоору аркылуу салылып алынган фронталдык LOVOL FL 953 м3 зав № 000594 баасы 3472000 сомдук маркасындагы автожүктөгүч Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн балнсасына кириштелсин.
2. Сатылып алынган фронталдуу автожүктөгүч 29-июнь 2016-жылдагы РС №1-03225820-01 макулдашууга ылайык Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Жайыт комитетинин башкаруусуна өткөрүлүп берилсин.
3. Автожүктөгүчтүн кызмат көрсөтүү акыларын иштеп чыгуу Жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Г.Б. Сманова |
|
|