Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-июну №69
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Бел-Кара-Суу айылынын М.Чакиев көчөсүнүн жашоочуларына суу баруучу лотокту оңдоого цемент алуу үчүн айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 30000 (отуз миң) сом акча каражат бөлүнүп берилсин. Бөлүнгөн каражатка цемент алып, эл менен биргеликте лотокту оңдоо иштерин сапаттуу жасаттуу, айыл башчы Д.Садабаевге тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Г.Б. Сманова |
|
|