Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-июну №27/19
Уч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары Жийде айылынын тургуну Алымбеков Салынбайдын арызын карап 2005- жылы 3- август айында айылдык кеңешинин 24- чакырылышынын 5- сессиясында № 3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2005- жылы 3- август айында чыккан № 3 токтомунда А.Султановдун атындагы көчө деп туура жазылбай калгандыгы жөнүндө, арыздын негизинде туура жазылуусу “Алымбек ата” ысымындагы көчө болуп аталсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн аты коюлган инсандын бир туугандары жана уул-кыздарына “Алымбек ата” көчөсүн жашылдандыруу көрктөндүрүү жана социалдык абалын оңдоо жагы жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райыбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
Тѳрага | М. Уметалиев |
|
|