Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры №27/27
Уч-Коргон айыл аймагынын Уч-Коргон айылында жаңы курулуп жатканына байланыштуу , жер астынан суу чыкканы тоскоолдуктар боюнча айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айылында жаңы типтеги мектеп курулуп баштаган учурда ,жер астынан суу чыккандыктан , мектептин фундаментин курууга тоскоолдук жараткандыгына байланыштуу жабык типтеги дренаж казуу үчүн Аким Абдувалиев көчөсүнүн жанынан 444 кв.м жер аянты бөлүп берүү жагы каралсын.
2. Манас райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан ушул токтомдун негизинде акт берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райыбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
Тѳрага | М. Уметалиев |
|
|