Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы №95/17-7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту, Талас шаардык кенешинин 14.08.2012-жылдагы № 238/37-5 сандуу “Элдик нан муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө” токтому, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 12.01.2018-жылдагы №01-3/31 чыгыш сандуу катынын негизинде Түркия Республикасынын Кайсери облусунун Талас шаарынан бир тууган шаарлар алакасы аркылуу белекке келген нан бышыруучу мештерди иштетип, шаардын аз камсыз муктаж үйбүлөөлөрүнө социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында ижарага берүү боюнча карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы иштелбей консервацияда турган муниципалдык нан бышыруучу 2(эки) даана мешти Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу конкурс жарыяланып, келишимдик негизде ижарага берүү боюнча тиешелүү документтик иш кагаздары иштелип чыксын жана аны өндүрүшкө киргизүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясына (А.Джузупбеков) милдеттендирилсин.
2. Муниципалдык нан бышыруучу мештерди орнотуу жана өндүрүлгөн нандардын сапатын көзөмөлгө алуу максатында курамы үч адамдан турган байкоочу комиссиясы түзүлсүн.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Тѳрага | М. Есенкулов |
|
|