Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-марты №108/19-7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 14.03.2018-жылдын №01-1/356 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында жумушчулардын айлык маяналарын көтөрүүнүн натыйжасында кесипкөй, тажрыйбалуу адистердин иштөөсүн турукташтырып кармоо максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын 2018-жылга карата штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Тѳрага | М. Есенкулов |
|
|