Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-марты №109/19-7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 19.03.2018-жылдын №01-5/375 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаарында Газпром тарабынан каржыланып, курулган спорт комплекстин ишин жакшыртуу, шаардык жаштарды спортко тартуу жана заманбап спорт базасын түзүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен кармап, кызматкерлердин штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Газпром спорт мектебинин 2018-жылга карата штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Тѳрага | М. Есенкулов |
|
|