Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-марты №110/19-7
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы тарабынан сунушталган Талас шаарынын 2018-жылга карата бюджетин жана 2019-2020-жылдарга болжолдуу планын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас шаарынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджети кирешелерди жана атайын каражаттарды кошкондо 115015,6 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 115015,6 миң сом суммасында бекитилсин.
2.Талас шаарынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 1- тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлсүн.
3.Талас шаарынын 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттин негизги көрсөткүчтөрдүн болжолу жактырылсын.( № 2,3 тиркеме тиркелет).
2019-жылга киреше боюнча болжолу 122380,6 миң сом
2020-жылга киреше боюнча болжолу 129741,6 миң сом
4.Талас шаарынын 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашасын каржылоо 4-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
5.Талас шаарынын 2019-2020 жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн болжолу жактырылсын.(№ 5,6 тиркеме тиркелет).
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (айлык акы, соц.фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар) жүргүзүлсүн.
Чыгашаларды коргоого алынган беренелери шаардык кеңештин токтомунун негизинде жана ченемдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджет чыгашаларын көбөйтүү жөнүндө же болбосо анын ресурстарын кыскартуу боюнча токтомдордун долбоорлору финансы башкармалыгынын макулдугу менен гана кабыл алынсын.Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо (пайдалануу) үчүн жоопкерчилик шаардык бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
7. Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына сметаларында белгиленген суммалардан ашык түшкөн кирешелер толугу менен бюджеттик уюмдардын карамагында калтырылсын.
Шаардык бюджеттен каржылануучу мекемелерге атайын каражаттарды казыналыктан сырткары пайдаланууга тыйуу салынсын. Бул тартипти бузган учурда атайын каражаттардын баардык суммасы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын.
8. Жергиликтүү бюджетте каралган акча каражаттар жыл ичинде бир бөлүмдөн башка бөлүмгө жылдыруулар шаардык кеңештин сессиясынын токтомунун негизинде, ал эми максаттуу трансферттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу- мэриясынын чечимдери аркылуу жүргүзүлсүн. Бюджеттик мекемелердин атайын счетунда каралган киреше бөлүгүн ашыра аткарган учурда киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин сметасында көрсөтүлгөн чыгымдарын жыл ичинде кварталдан кварталга, беренеден беренеге жылдыруулар Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин негизинде бюджеттик мекемелердин(кат аркылуу) макулдугу менен өзгөртүү киргизүү каржы башкармалыгы аркылуу(жүргүзүлсүн) аткарууга алынсын.
9. Зарыл болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык кеңештин сессиясында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетунда тиешелүү түзөтүүлөр бекитилсин.
10. Жергиликтүү бюджеттен 2017-жылы жетишсиз каржыланган бөлүгү, 2018-жылга каралган каражаттардын эсебинен жана ал каражаттардын чектеринде компенсациялансын.
Мында эмгек акыга жана социалдык фондусуна чегерүүлөргө жумшалуучу чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
11.2018-жылдын 1-январынан шаардык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 миң сом суммасында белгиленсин.
12. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 24-беренесине ылайык, Талас шаардык мэриясына 400,0 миң сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн.
13.2018-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан -50 пайыз өлчөмүндө;
б) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн шаардын жергиликтүү бюджетинин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди кошпогондо роялити) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаардын жергиликтүү бюджеттерине-50 пайыз өлчөмүндө.
14. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.
15. Чет-тилдер багытындагы лицей (Момунбеков.С.Ж.) толугу менен республикалык бюджеттен каржылоого өткөнгө чейин, жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн №4 тиркемесинде лицейге каралган беренелерге ылайык каржылоо жүргүзүлсүн.
16. Талас финансы башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) шаардык бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.
17. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери жөнүндө туруктуу комиссиясына (Мусуралиева Н.С .) тапшырылсын.
Тѳрага | М. Есенкулов |
|
|