Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 02-июну №88/31-6
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 29.04.2016-ж. № 15-01-2/4909 сандуу каты менен үлүштүк (дем берүүчү) гранттын суммасы 9 000,0 миң сом өлчөмүндө жеткирилгендигин жана Кара-Көл шаарынын мэри М.Д. Койчиевдин бул маселе боюнча шаардык кеңештин тиешелүү токтомун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшыруунун акыркы мөөнөтү 03.06.2016-жылга белгиленгендигин эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын (Жетешикова Г.С.) сунушунун негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык мэриянын социалдык –экономикалык стратегиялык өнүгүү планы же 2016-жылдын “ Өнүгүү бюджетинин” иш-планынын Реестринде сунушталган үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорго үлүштүн жалпы суммасы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (М.Д.Койчиев), ШММБыгына (К.С.Сарбалаев) жана шаардык каржы бөлүмүнө (Ж.Т.Осмонкулов), ал эми көзөмөл кылуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Г.С.Жетешикова) жүктөлсүн.
Тѳраганын орун басары | Б.Э. Алымкулов |
|
|
Тиркеме №1
| Кара-Көл шаардык Кенешинин 88/31-6 токтому менен бекитилди
|
Кара-Көл шаардык мэриянын социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планы же 2016-жылдын “Өнүгүү бюджетинин” иш-планынын
РЕЕСТРИ
№ | Мекеменин аталышы | Иш-пландын аталышы | Болжолдуу сметтик баалары | Эскертме |
|
ШММБ | Шаардык бюджеттен 2016-жылга үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорго үлүш а.и. |
5 100,0 | КР финансы мини- стрлигинин 29.04.2016-ж. №15-01-2/4909 чыгыш сандуу каты үлүштүк (дем берүүчү ) гранттын суммасы 9 000,0 миң сом жеткирилген |
5.1.Шаардык “Энергетик” маданият үйүнүн капиталдык ремонту
|
1 900,0 | |||
5.2.Шаардык “Энергетик” эс алуу паркын реконструкциялоо
|
1 700,0 | |||
5.3.Шаардын Серый көчөсүндөгү футбол аянтчасынын жанындагы фонтан жана бассейинди реконструкциялоо
|
1 500,0 |
Аппарат жетекчи: Нурматова К.И.