Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-июну №90/32-6
Кара-Көл шаардык аскердик комиссариатынын 27.04.2015-жылдагы № 251 сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясынын чечимин эске алып, Улуу Жеңиштин 70 жылдык юбилейине карата согуштун ардагери Турусбеков Курманбектин атын Кара-Көл шаарынын Ленин көчөсүнө жарыш жайгашкан алты кожолук жаңы конуш көчөсүнө ыйгаруу максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXX IIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын Ленин көчөсүнө жарыш жайгашкан алты кожолук жаңы конуш көчөсүнө Курманбек Турусбековдун атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын Ленин көчөсүнө жарыш жайгашкан алты кожолук жаңы конуш көчөсүн керектүү Курманбек Турусбековдун атын коюууга кеткен чыгымдардын бардыгын каржылоо ( акчалай каржылоо) К.Турусбековдун үй –бүлөсүнө милдеттендирилсин.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча
4. Кара-Көл шаардык башкармалыгы (Г.Р.Сооронбаева), Кара-Көл шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы ( Ызаков Б.) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын 1вице-мэрине (Н.С.Жекшеев), ал эми көзөмөлдөө Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура,турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Женбеков М.К. |
|
|