Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 04-июлу №92/34-6
Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 2016- жылга иш планынын долбоорун талкуулап чыгып, шаардык кеңештин кезектеги ХХXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 2016-жылга иш планы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.( тиркелет)
2. Бекитилген иш пландын аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык кеңешинин аппаратына, ал эми көзөмөл кылуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Женбеков М.К. |
|
|
Тиркеме №1
| Кара- Көл шаардык кеңешинин 04.07. 2016- жылдагы кезектеги ХХXIV сессиясынын 92/34-6 токтому менен бекитилди |
№
| Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Аткаруучулар |
1. | Кара-Көл шаардык кеңешинин 2016-жылга иш планы жөнүндө | I квартал | Кара-Көл шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары, шаардык кеңештин аппараты |
2 | Кара-Көл шаарын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2015-жылда аткарылышы боюнча Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин отчету жөнүндө | I квартал | Кара-Көл шаарынын мэриясы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
3. | Кара-Көл шаардык ММБнын 2015-жылда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө | I квартал | Мэр , муниципалдык менчик башкармалыгы ,шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, ,шаардык кеңештин аппараты, |
4. | Кара-Көл шаардык бюджеттин 2015-жылдагы такталган планын жана аткарылышын бекитүү жөнүндө | I квартал | Шаардык каржы бөлүмү, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
5.
| Шаардык бюджеттин 2015-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө | I квартал | Шаардык каржы бөлүмү, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
6. | Кара-Көл шаарынын 2016-жылга шаардык бюджетинин түзүлүшү жана 2017-2018- жылдарга божомолу жөнүндө | I квартал | Шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
7. | Кара-Көл шаардык бюджеттин 2016-жылга долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүү | I квартал | Шаардык каржы бөлүмү, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
8. | Шаардык маданият бөлүмүнүн 2014-2015-жылдарда аткарган иштери жөнүндө | II квартал | Шаардык маданият бөлүмү, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы,шаардык кеңештин аппараты |
9. | Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015- 2016-жылдарда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө | II квартал | Жазы –Кечүү аймактык башкармалыгы,жайыт комитети , шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясы , шаардык кеңештин аппараты |
10. | Кара-Көл шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы,муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланышы, шаарды социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүүжана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө 2016-жылдын 6 айлык маалыматы | III квартал | Кара-Көл шаарынын мэриясы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык кеңештин аппараты |
11. | Кара-Көл шаарынын 2016-2017-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө 1 вице- мэрдин маалыматы жөнүндө | III квартал | Кара-Көл шаарынын 1- вице мэри, КИКнын башчысы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, Кара-Көл РЭТИ ,шаардык кеңештин аппараты |
Эскертме: өзүнүн актуалдуулугун жоготкон маселелер сессиянын күн тартибинен алынып салынат жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын чечими менен сунушталган маселелер сессиянын күн тартибине киргизилет.
Шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин аппараты шаарда болуп жаткан ар кандай иш –чараларга, ишембиликтерге активдүү катышат.
Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси: К.И.Нурматова