Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты №12/1
Көк-Жаңгак шаардын мэри У. Исмаиловдун 2017-жылы аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардын мэри У.Исамилов 2017-жылы аткарган иштери боюнча отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэри У.Исмаиловго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдетендирилсин.
3. Сырттан инвестиция тартуу жолу менен шаардын элин иш менен камсыздоо боюнча жаңы иш орундарды ачуу шаардын мэри У.Исмаиловго милдетендирилсин.
4. Көк-Жаңгак шаарынын жерлерин сарамжалдуу пайдаланышы жана муниципалдык менчиктин обьектерин туура багытта пайдалануу боюнча 2016-жылга иш-пландар иштеп чыгарылып кезектеги сессияга шаардык кеңешке бекитүүгө сунушталсын, аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдетендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тѳрага | Б. Маткаримов |
|
|