Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-июлу №1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Меражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышы боюнча маалыматын угуп Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 16-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин 6 ай ичиндеги киреше бөлүгү 14220,0 миң сомго бекитилип ал эми чыгаша бөлүгү 21137,5 сомго бекитилип төмөнкүдөй бөлүнүп
-аппаратка 7007,2 миң сом
-мектептерге 1070,6 миң сом
-бала бакчаларга 2859,0 миң сом
-китепканаларга 186,0 миң сом
-маданий иш чараларга 394,0 миң сом
-клубтарга 212,1 миң сом
-өзгөчө кырдаалдарга 500,0 миң сом
-ЖКХ 7598,7 миң сом
-социалдык жардамдарга 157,0 миң сом
-Компенсацияга 1043,9 миң сом
-Жайытка 109,0 миң сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Н. Маматназаров |
|
|