Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-июлу №4
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана ФЭБ башчысы Э. Сабыржановдун Чоң-Алай айылдык аймагынын 2019-2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорлонгон планын Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 16-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорлонгон планы 30926,9 миң сом, 2020-жылга 30343,4 миң сомго, 2021-жылга 30473,4 миң сомго болжолдонсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Н. Маматназаров |
|
|
| Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын16–сессиясынын кезектеги отурумунун № 5 токтому менен бекитилди
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ, ОШ ОБЛУСУ
ЧОН-АЛАЙ РАЙОНУ, ЧОН-АЛАЙ АЙМАГЫ
ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА
ЖАМААТТЫН ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
2018-2022-ЖЫЛДАРГА КАРАТА
ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ ПЛАНЫ
2018-ЖЫЛГА
Дароот-Коргон айылы
МАЗМУНУ
1. КИРИШҮҮ
2. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
2.1.1. Географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы
2.1.2. Жер ресурстары
2.1.3. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнүндө кыскача маалымат
2.1.4. Айыл аймагы боюнча жайыттардын кыскача мүнөздөмөсү жана инфраструктурасы
2.1.5. Жайыт карталары
3. МАЛДАРДЫН САНЫ, АЛАРДЫН ЖАЙЫТКА ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ
3.1.1. Быйылкы жылга шарттуу малдын башы
3.1.2. 2018-2022-жылдарга карата болжолдуу шарттуу малдын башы
3.1.3. Быйылкы жылга жайыт жана даярдалуучу тоюттарга муктаждык
4. БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТ ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРДЫН КӨЛӨМҮ ЖАНА ТОЮТ БАЛАНСЫ
4.1.1. Жайыттардагы жана мал жайылуучу участоктордогу тоюттун көлөмү
4.1.2. Даярдалуучу тоюттун көлөмү
4.1.3. Тоют балансы
5. КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ЖАЙЫТТАРДЫН АБАЛЫН БААЛОО ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО, ЖПБ МУКТАЖДЫКТАРЫ
5.1.1. Климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен жайыттардын абалын баалоо анализи
5.1.2. Фокус топтордун жыйынтыктарынын негизинде ЖПБнын муктаждыктарын баалоо анализи
6. 2018-2022-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖАМААТТЫН ОРТО МӨӨНӨТТҮҮПЛАНЫ
6.1.1. 2018 – 2022-жылдарга жайыттарды пайдалануу планы
6.1.2. Бешжылдык иш-чаралардын планы жана бюджети
6.1.3. 6.3.ЖПБ/ЖКнын беш жылга карата келечектүү пландын бюджети.
6.1.4. Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча беш жылдык планы
7. ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ
7.1.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык планы
7.1.2. Мал жайуунун жылдык календардык планы
7.1.3. Жылдык иш-чаралар графиги (ЖКнын операциондук планы)
7.1.4. Малдардын ден соолугун коргоо боюнча жылдык планы*
7.1.5. 2018-жылга жылдык иш-чаралардын планы
7.1.6. ЖПБнин 2018-жылга инвестициялык планы,Жылдык бюджет
8. ЖПБ/ЖКнын ИЧКИ ЭРЕЖЕЛЕРИ
9. МАЛ ЖАЙУУ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
9.1.1. ЖПБнын ГЕНДЕРДИК ОНУГУУ ПЛАНЫ………………………………………………...47
9.1.2. ЖБПЖПнын АТКАРЫЛЫШЫНА МОНИТОРИНГ ЖАНА БААЛОО ЖУРГУЗУУ
9.1.3. ПЛАНЫ...................................................................................................49
9.1.4. Чон-Алай ААнын "2018-2022-ЖЫЛДАРГА ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА
10. ПАЙДАЛАНУУНУН ЖАМААТТЫК ПЛАНЫН" ИШКЕ АШЫРУУНУН ТИЙГИЗГЕН
11. ТААСИРИ,..........................................................................50
12. ТИРКЕМЕЛЕР
ШАРТТУУ КЫСКАРТУУЛАР
АА | Айыл аймагы |
АӨ | Айыл өкмөтү |
АРИС | Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги |
КӨЖЫ | Климаттын өзгөрүүлөрүнө жараша ыңгайлашуу |
ВБ | Дүйнөлүк банк |
ВП | Ветеринардыкпалата |
МДСТ | Малдардын ден соолугун коргоо тобу |
ЖД | АЧТММ Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти |
ЖК ЖПБ | Жайыт комитети – ЖПБнын аткаруучу органы катары |
БМ | Бодо мал |
МБ | Мониторинг жана баалоо |
ЖӨБ | Жергиликтүүөз алдынча башкаруу |
ЖЖ | Жергиликтүү жамаат |
АЧТММ | КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ЧДТ | Чакан долбоордук тобу |
ЧДС | Чакан долбоордук сунуш |
КЭ | Кой-эчки |
|
|
АӨЭФ ВФКМИРБ | Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын райондук башкармалыгы |
РАӨБ | Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Райондук агрардык өнүктүрүүбашкармалыгы |
ЖӨБО | Жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары |
АДИБ | АЧТММга караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү |
ЖПБ | Жайыт пайдалануучулар бирикмеси |
МДК | Малдардын ден-соолугун коргоо |
МРӨД ЖБПЖП | Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы |
ЖМБЖД | Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу долбоору |
ЖУП | Жасалма уруктандыруу пункту |
МДКП | Малдардын ден-соолугун коргоо планы |
КЗ | Кургак зат |
ШМБ | Шарттуу малдын башы |
ЖВА | Жеке ветеринардык адис |
КИРИШҮҮ
Чон-Алай айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) Жайыт комитети тарабынан иштелип чыкканЖайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы (ЖПБ/ЖП) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунда жайыт пайдалануучулар, айыл өкмөтү жана башка кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Чон-Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен 2018-2022 жылдардын мезгилине макулдашылган.
Кыргыз Республикасынын жайыттар боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, ЖПБ/ЖП жергиликтүү кеңештин сессиясында да каралып чыгып, бекитилген жана Жайыт комитети менен жайыттарды башка максаттарга пайдалануу боюнча тийиштүүкелишимдерди түзгөн бардык жайыт билетин алуучулар жана башка физикалык жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы милдеттүү түрдөталап кылынат.
Пландын биринчи бөлүгүндө Чон-Алай айыл аймагынын географиялык жайгашышы, табигый-климаттык шарттары, калктуу конуштары (айылдары) жана калкы, жер ресурстары жөнүндө жалпы маалымат берилген.
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, малдардын ден соолугун коргоо жана жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү жаатындагы жергиликтүү потенциалды күчөтүү боюнча беш жылдык жана жылдык пландар ЖПБ/ЖПнын негизги бөлүгү болуп саналат.
Документтин жыйынтыктоочу бөлүгүндө ЖПБ/ЖПнын жүзөгө ашырылышына жана жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча кеңири план чагылдырылган.
Негизги пландын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген деталдуу чакан долбоордук сунуштар, айыл аймактын профайлы (паспорту), жайыт участокторунун абалына баа берүүнүн жыйынтыктары, ж.б.у.с. материалдар планга тиркелген.
Ушул ЖПБ/ЖП келечектеги орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү көрүнүштө жалпысынан жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну, малдардын ден соолугун коргоонуу жана малды тоюттандырууну жакшыртуу аркылуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жергиликтүү калктын кирешелерин көбөйтүүгө багытталган.
1. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
2.1.Географиялык орду, климаты, айылдары жана калкы
Чон-алай айыл аймагы Ош облусунун борборунан 290 км алыстыкта кун батыш тарабы Тажик республикасы менен чектеш бөлүгүндөжайгашкан.
Чон-Алай айыл аймагынын климаты негизинен кышкы абасы оор,континенталдуу климаттарга кирет. Июнь айындагы абанын орточо температурасы +10+15°C, август айында+25+30°C. Эң суук күндөр январь айына туш келет - - 25°C тен - 40°C ке чейин. Өтө ысык аба ырайы июль айында күтүлөт.
Чон-Алай А/А жети айылдан турат. Дароот-Коргонайылы айыл аймактын административдик борбору болуп саналат. Калктын жана түтүндөрдүн саны тууралуу маалымат
1-таблица
Айыл тургундарынын негизги киреше булактары
2-таблица
Иш чөйрөсү | 2018г. |
Мал чарбачылык | 65 % |
Дыйканчылык | 20 % |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү (соода, ж.б.) | 15 % |
БАРДЫГЫ: | 100% |
2.2.Жер ресурстары
Айыл аймагындагы жайыт жерлерди кошкондо жер ресурстарынын жалпы аянты83536 гектарды түзөт. Төмөнкү 3-таблицада айыл чарба жерлеринин категориялар боюнча аянты көрсөтүлгөн.
3-таблица
[1][1]
2.3.Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнүндө кыскача маалымат
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандан кийи Чон-АлайА/А аймагында жайыт пайдалануучулардын демилгеси менен жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык,аткаруу органы – жайыт комитети, ал эмиЖайыт пайдалануучулар бирикмеси - Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары катталган.
4-таблица
Юридикалык дареги: | Ош облусу, Чон-Алай району, Чон-Алай АА, Дароот-Коргон айылы, Сулайманов көчөсү Бн. |
Эсептешүү эсеби: | №1290433230026292; ОКПО: 26565870 |
Жеке идентификациялык номери: | 00112200910053 |
Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк: | 109056 – 3306-Уе – ТОС Серия Гр № 0060142 01.12.2009-ж. |
Башкаруу структурасы: | Ø Жогорку башкаруу органы–ЖПБ мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу Ø Текшерүү-көзөмөлдөө органы–Текшерүүкомиссиясы Ø Аткаруучу орган – Жайыт Комитети. |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосундагы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу жөнүндө келишим(№1жана11.03.2016.күнү) жеЖергиликтүүкеңештин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучуларга өткөрүп берүүжөнүндө протоколу (№2жана24.11.2009ж.күнү) |
|
2018-жылда жайыт билеттерин алган жайыт пайдалануучулардын тизмеси | Жайыт билети бар жайыт пайдалануучулардын саны –3адам(Тизме 1-тиркемеде берилген) |
Жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын жана ЖПБнын Жайыт комитеттеринин жетекчилери жана жооптуу адамдары:
5-таблица
№ | Аты-жөнү | Мекеме | Кызмат орду | Электрондукпочта | Байланыш телефону |
1 | Маматназаров Ниязбек | Жергиликтүү кеңеш | Төрага |
| 0771524040 |
2 | Жайчибеков Тайирбек | Айыл өкмөтү | Башчысы |
| 0777724424 |
3 | Таабалды уулу Чолпонбай | Жайыт комитети | Төрага |
| 0778 597778 |
4 | Эминов Авазбек. | Жайыт комитети | Бухгалтер |
| 0772611293 |
5 | Кожобеков Гыламидин. | Жайыт комитети | Малдардын ден соолугун коргоо тобунун башчысы |
| 0777700423 |
6 | Тагаев Арап. | Жайыт комитети | Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө жооптуу адам |
| 0779620122 |
7 | Таабалды уулу Чолпонбай | Жайыт комитети | Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөөнү жыйноого жооптуу адам |
|
|
8 | Бакир уулу Кудаш | Текшерүү комиссиясы | Төрага |
|
|
2.4.Айыл аймагы боюнча жайыттардынкыскача мүнөздөмөсү жанаинфраструктурасы
Чон-Алай ААда жайыт аянттарынын олчому жалпысынан – 65958гектарды тузот. Бирок анын пайдаланылып жатканы- 50086 гектар. Жайыт участокторунун саны-17.
Чон-Алай ААнын карамагындагы жайыттарда учурда томондогудой инфраструктура обөектилери иштейт: 1 даана Беккери чункуру, 32 даана копуро,1 даана кой мончо,1 даана вет аптека, 293 км узундуктагы жайыт жолдору.
6-таблица
Маалымдама
Малды жайытка жаюу жана аларды короодо кармоо мезгили боюнча жайыттар жана мал жайылуучу участоктор төмөнкү мезгилдерге бөлүнөт:
Ø жазгы(жайыттар жана мал жайылуучу участоктор)
Ø жайкы (жайыттар жана мал жайылуучу участоктор)
Ø күзгү (жайыттар жана мал жайылуучу участоктор)
Ø кышкы (короодо кармоо)
№ | Жыл мезгили | Жайытка жаюу/кармоо мезгили | Күн | Эскертүү |
1 | Жаз | 01.04.-31.05. | 61 | Жаз мезгилинен күз мезгилине чейин мал жайыттарда жана мал жайылуучу участоктордо жайылат. Малды жайытка жаюунун жалпы укзактыгы 214 күндү түзөт. |
2 | Жай | 01.06.-31.08. | 92 | |
3 | Күз | 01.09.-01.11. | 61 | |
4 | Кыш | 01.11.-31.03 | 151 | Кыш мезгилинде, б.а. 151күн, мал адатта короодо багылат. |
Алынган маалыматка ылайык жыл бою 58 ШМБ колдо/бордоодо багылат жана жайыттарга такыр жайылбайт. Ошондуктан жайыттарга 15194 ШМБ жайылат.
2. МАЛДАРДЫН САНЫ,АЛАРДЫН ЖАЙЫТКА ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ
3.1.Быйылкы жылгашарттуу малдын башы
2018-жылдын 1-январына каратаЧон-АлайA/A эсептелип чыкканшарттуу малдын башы 18859 ду түзгөн (7-таблица). Малдын бир нече түрү багылат, жана алардын ар бир түрүнө карата күн сайын жана ай сайын канча КЗ керектелери эсептелген. Айыл аймагында 3709 үй чарбасы жайгашкан. Алардын көпчүлүгү негизинен бодо мал жана майда жандыктарын кармайт.
2018-жылга карата малдын башы жана түрүнө жараша тоюттун керектелиши
7-таблица
*Коэффициент–Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 4-ноябрындагы №386 токтомунун негизинде,Малдардын тирүүлөй салмагын аныктоо боюнча ыкмасынын жыйынтыктарынан алынган(2-тиркемени караңыз).
3.2.2018-2022-жылдарга карата болжолдуу шарттуу малдын башы
№8 таблицада айыл чарба багытындагы малдардын өсүшү 2013-2017-жылдардагы малдын ар кандай түрү боюнча өсүүдинамикасынын негизинде алынган маалыматтар. Жылкыдан башка малдын бардык категориясында өсүү тенденциясы байкалып турат. Малдын санынын өсүшүтууралуу маалымат божомолдуу болуп саналат жана 2018-жылдын планында берилген маалыматтан айырмаланышы мүмкүн.
8-таблица
8-таблицаны чычкандын оң баскычын басып, “Обөект лист – открыть” деген аракетти жасоо менен ушул таблицанын ылдый жагынан 2014-2018-жылдардагы малдын жалпы санынын өсүү динамикасын көрө аласыздар
3.3.Быйылкы жылга жайыт жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждык
2018-жылга карата мезгилдер боюнча жайыт жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждык
2018-жыл ичинде малдын жалпы санын тоют менен талаптагыдай камсыз кылуу үчүн 41753 тонна тоют керектелет, анын ичинен 24386 тонна жайыт тоюту жана 17367тонна даярдалуучу тоюту кирет. Адатта мал жайытка бир жыл ичинде 214күн жайылат, ал эми короодо 151 күн кармалат.
3. БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТ ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРДЫН КӨЛӨМҮ ЖАНА ТОЮТ БАЛАНСЫ
4.1.Жайыттардагы жана мал жайылуучу участоктордогу тоюттун көлөмү
2018-жылга жайыттардын жана мал жайылуучу участоктордун мезгил боюнча түшүмдүүлүгү жана сыйымдуулугу (2010-жылдагы Кыргызгипроземдин мониторингинин жыйынтыгынын негизинде алынды)
2018-жылга карата мезгилдер боюнча жайыттардын жана мал жайылуучу участоктордун түшүмдүүлүгү жана сыйымдуулугу боюнча жыйынтыкталган таблица 0.1-таблица
[2][2]
4.2.Даярдалуучу тоюттун көлөмү
Колго даярдалуучу тоюттардын түшүмдүүлүгү жөнүндө маалымат райстаттын маалыматтары боюнча түшүмдүүлүктүн орточо көрсөткүчтөрүнон алынды.
2018 –жылга карата дардалуучу тоюттар 11-таблица
1-график
4.3.Тоют балансы
Жайыттардын түшүмдүүлүгүнө жана колдо даярдалуучу тоюттардын көлөмүнө жүргүзүлгөн анализге ылайык (11 жана 12-таблица), айыл аймакта жайыт жана даярдалуучу тоюттар жетиштүүөлчөмдө камдалган. Малды кыш мезгилинде тоют менен камсыздоо үчүн жетиштүү көлөмдөгү(ал турсун 87 кундук тоют запас) даярдалат, анткени айдоо аянттары айыл аймактын ар бир тургунуна малды багууга жетиштүүөлчөмдөгү жер үлүшү бөлүнүп берилген.
2018-жылга каратаар бир мезгилге жараша тоют балансы
12-таблица
Чон-Алай ААда 4851 га чоп чабынды участоктору болгондуктан даярдалуучу тоюттун колому жетишерлик.
2-график
Чон-АлайА/А мал жаюу системасына 17 участок же 4 мал жаюуну башкаруу зонасы (коктулар) кирет. Ар бир коктуда талаа жана шалбаа-талаа жерлери бар. Жайыттын түшүмдүүлүгү1 чарчы жайыт жеринен “Чөп чабуу” ыкмасынын негизинде аныкталат. «Кыргызгипрозем» институнан жазгы жана кышкы тоюттардынтүшүмдүүлүгү боюнча алынган маалыматтардын негизинде колдонулган жана бул маалыматтар тийиштүү жайыт участокторуна гана колдонулат. Жайытка жаюуга уруксат берилген ченемдер 60% түзөт, бирок Чон-Алай А/А жүргүзүлгөн анализде “жарымын алуу жана жарымын калтыруу” белгилүү стандарты колдонулат. Анализ көрсөткөндөй, талаа жана шалбаа-талаа жайыттарында жайытка жаюунун 50%дык уруксат берилген ченемин колдонууга тоюттун түшүмдүүлүгү жетиштүү.
5. КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ЖАЙЫТТАРДЫН АБАЛЫН БААЛОО ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО, ЖПБ МУКТАЖДЫКТАРЫ
5.1.Климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен жайыттардын абалын баалоо анализи
Акыркы жылдары Чон-АлайА/А аймагында аба ырайынын өзгөрүшү байкалууда:
2014-жылы кургакчылык болду, жай мезгили жамгырсыз өтүп, аба ырайынын температурасы абдан жогорулады. Айрым жайыт жерлериндеги чөптөр күйүп кетти, кээ бир булактар соолуп калды, мунун баары малдын азыктуулугуна терс таасирин тийгизди. Ал эми 2016-жылы жазында жана жайында жамгыр көп жаап, жайыт өсүмдүктөрүнүнүн өсүшүнө шарт түздү, бирок ошону менен катар эле малды жайкы жайыттарга өз убагында айдап чыгуу түйшүктүү болду (аба ырайынын төмөн температурасына байланыштуу жайыттарда чөптүн кеч чыгышы, нөшөрлөп жааган жамгыр, сел, ташкындап аккан дарыядан өтүүдөгү кыйынчылыктар, ж.б.).
Мындай терс көрүнүштөргө климаттын өзгөрүшү да өз таасирин тийгизип келет. Жайыттарды пайдалануу планын иштеп чыгууда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чараларын Кыргызгидромет тарабынан иштелип чыккан орто жана кыска мөөнөттүү аба ырайынын божомолун пайдаланып жана климаттын озгоруусу эске алынып иштелип чыгылды..
Мындан ары Чон-Алай А/А ЖК бардык участоктордо мезгил боюнча пландык мониторинг жүргүзүүгө ниеттенүүдө. Жайыттарга мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы 4-тиркемеде берилген(Кыргыз Республикасындагы жайыттардын абалын “Кайчылаш сызыктар” ыкмасы менен баалоо боюнча колдонмо).
Мезгилдин ортосунда чөптүн оттолушун көзөмөлдөө жана жайыттарды пайдалануу максаттарынын аткарылышына ишендирүүүчүн чөптүн оттоо деңгээлин аныктоо үчүн “Негизги өсүмдүктөрдүн ыкмасы” менен жүргүзүү сунушталат. Мониторингдин натыйжаларын сактап коюу зарыл.
Жайыттарды пайдалануу планында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча негизги чаралары томондогулор:
Жайыт пайдалануучуларга Климаттын озгорушунун жайыттарга жана малдын продуктуулугуна терс таасир этерин тушундуруу;
Жайыттарга мал жайуунун оркундотулгон натыйжалуу системаларынын тартибин кийируу;
Малды жайытка жайууну жана климатка ынгайлашуу чараларын пландаштыруу учун жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жургузуу;
Илимпоздордун сунуштамаларына ылайык, жайыт жугун 10%га азайтуу;
Жайыттардын сыйымдуулугуна жараша малдарды жайытка жайуу планын иштеп чыгуу;
Жайыттарды эс алдыруу жана жайыттарга мал жайуунун календарлык планынын аткарылышын козомолдоо;
Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу, ондоо же жаныдан куруу;
Кышка карата жана кургакчылык болушунун алдын алып, малдын тоют запасын кенен даярдоо;
Малдын асыл тукумдуулугун жакшыртуу;
Алыскы жайыттарды пайдалануу менен жайыт аянттарын кенейтуу.
Мамлекеттик токой фондунун жайыттарын пайдалануу;
Альтернативдуу ишкердикти онуктуруу (айыл чарба жана мал чарба продуктуларын кайра иштетуу ж.б.).
Жогорудагы белгиленген иш чаралардын негизги максаты климаттын озгорушуно жергиликтуу коомчулуктун туруктуулугун жана мал чарбачылыгынын мумкунчулугун жогорулатуу болуп эсептелет.
5.2.Фокус топтордун жыйынтыктарынын негизинде ЖПБнын муктаждыктарын баалоо анализи
Фокус топторунда жүргүзүлгөн талкуулоолордун жыйынтыгында, ЖПБнын жалпы чогулушунда жактырылган төмөнкүөнүктүрүүнүн артыкчылык багыттары аныкталган (14-таблицаны караңыз).
Өнүктүрүүнүн артыкчылык багыттары
14-таблица
№ | Артыкчылык багыттары | Жайгашкан орду |
1 | Тоют базасын чындоо учун Атайын техникаларды сатып алуу.Техникалык спецификациялары 12-тиркемеде берилген. | Чон-Алай АА |
2 | Тажрыйба катары арпаүрөнүнсебүү (20 га) | ФПЗ участогу |
3 | Кой кыркуучу агрегатын сатып алуу | ЖПБ/ЖКүчүн |
4 | Күпкөлордү куруу | Туз кашар,Кайрак,Гонду участкалары |
5 | Копуроолорду калыбына келтируу | Эренбай,Бегичи,Чеп,Сабыр,Карагатты,КошДобо,Ак-Сугур,Данги,Арчалы,Балыкты,Чон-Кочкорчу,Кичине-Кочкорчу,Чатыр-Таш,Кашка-Жол |
7 | Мал суу ичүүчү жайларды уюштуруу | Сары-Белжайыты (Кызыл-Эшме) |
8 | Жолдуоңдоо жана калыбына келтирүү иштерин улантуу (47 км) | Таш кунгой,Кызыл-эшме,Кок-Суу,Жар-Башы,Алтын-Дара,Кулчу коктулары |
9 | Малдарга жасалма уруктандыруу көчмө пункттарын уюштуруу | Чон-Алай АА |
10 | Жайлоо бала бакчаларына комоктошуу | Кочкорчу,Кызыл-Эшме жайлоолору |
11 | Көчмө шайман (раскол) сатып алуу | ЖПБ/ЖКүчүн |
12 | Ветеринардык тейлөөнү уюштуруу | ЖПБ/ЖКүчүн, |
13 | ЖПБ/ЖКнын мүчөлөрүнүн билим денгээлин жогорулатуу | Чон-Алай АА |
14 | Жайыттарды жакшыртуу максатында көргөзмө участокторду уюштуруу жана түптөө | Кок Жар участогу |
15 | Малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында асыл тукум букаларды сатып алуу | Чон-Алай АА |
16 |
|
|
6. 2018-2022-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖАМААТТЫН ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
6.1.2018 – 2022-жылдарга жайыттарды пайдалануу планы
Жайыттардын абалын жакшыртуу үчүн жазгы-күзгү жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иреттүү жайыт пайдалануу эрежелерин сактоожана малдын саны жайыттын сыйымдуулугуна туура келүүсүнөкөзөмөл кылуу пландалууда.Жайыттарды которуштуруу планы Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн (ЖАМБЖны 3-тиркемеден толук тааныша аласыздар) жыйынтыктаранын негизинде жеңилдеградацияга учураган участокторду узак мөөнөттүү же 50% эс алдыруу боюнча иш-чаралар төмөндөгү 15-таблицада көрсөтүлгөн.
2018 – 2022-жалдарга карата жайыт которуу планы
15-таблица
Беш жылдык иш-чаралардын планы
Бешжылдык иш-чаралардын планы
16-таблица
№ | Пландалган иш-чаралар | Жайгашкан орду | Мөөнөтү (башталышы жана аякталышы) | Жооптуулар |
| ||||||||
Жайыттарды жакшыртуу |
|
| |||||||||||
1 | Жайыттарды жакшыртуу максатында көргөзмөучастокторду уюштуруу жана түптөө | Кок-Жар участогу | 05.2019 – 11.2019 |
|
| ||||||||
2 | Тажрыйба катары арпаүрөнүн себүү (20 га) | ФПЗ участогу | 04.2018 – 05.2018 |
|
| ||||||||
Инфраструктураны жакшыртуу |
|
| |||||||||||
3 | Күпкөлордү куруу | Туз кашар,Кайрак,Гонду участкалары | 06.2018 – 10.2018 |
|
| ||||||||
| Копуроолорду калыбына келтируу | Эренбай,Бегичи,Чеп,Сабыр,Карагатты,КошДобо,Ак-Сугур,Данги,Арчалы,Балыкты,Чон-Кочкорчу,Кичине-Кочкорчу,Чатыр-Таш,Кашка-Жол | 06.2018 – 10.2018 |
|
| ||||||||
4 | Мал суу ичүүчүжайларды уюштуруу | Кызыл-Эшме жайыты | 05.2018 – 10.2018 |
|
| ||||||||
Мал чарбачылыкты жакшыртуу |
|
| |||||||||||
5 | Малдарга жасалма уруктандыруу көчмөпункттарын уюштуруу | Чон-Алай АА | 05.2022 – 07.2022 |
|
| ||||||||
7 | Малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында асыл тукум букаларды сатып алуу | Чон-Алай АА | 03.2018 – 05.2018 |
|
| ||||||||
8 | Көчмө шайман (раскол) сатып алуу | ЖПБ/ЖКүчүн | 05.2020 – 08.2020 |
|
| ||||||||
9 | Ветеринардык тейлөөнүуюштуруу | ЖПБ/ЖКүчүн, | 05.2021– 08.2021 |
|
| ||||||||
Потенциалды жогорулатуу |
|
| |||||||||||
13 | ЖК/ЖПБнын мүчөлөрүнө жайыттарды жана мал чарбасын башкаруунун укуктук негиздери боюнча окутууларды өткөрүү | Дароот-Коргон айылы | 2018 |
|
| ||||||||
14 | ЖК/ЖПБнын мүчөлөрүнө иш кагазадарын жана эсеп-кысап жүргүзүү боюнча окутууларды өткөрүү | Дароот-Коргон айылы | 2019 |
|
| ||||||||
15 | ЖК/ЖПБнын мүчөлөрүнөфандрайзинг боюнча окутууларды өткөрүү | Дароот-Коргон айылы | 2020 |
|
| ||||||||
16 | ЖК/ЖПБнын мүчөлөрүнө чыр-чатактарды чечүү боюнча окутууларды өткөрүү | Дароот-Коргон айылы | 2021 |
|
| ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
7. ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУБОЮНЧАЖЫЛДЫК ПЛАНЫ
7.1.Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык планы
Чон-Алай А/А жайыт пайдалануучулары көпчүлүк жайыт участокторун 2-3 мезгилде бир пайдаланышат, ал эми айрым участоктор жыл бою пайдаланылат. Айыл аймагынын тургундары жайыт жерлеринен тышкары айыл чарба жерлердин башка категорияларын дагы мал жаюу участоктору катары пайдаланышат (түшүм жыйналгандан кийинайдоо жерлер,короонун жанындагы жерлер, бадал өсүмдүктөрү, ошондой эле айдалган айдоо аянттары жана башка жерлер).
Төмөнкү 22-таблицада Чон-Алай А/А боюнча мал жаюу участоктордун аталышы жана аянты, ошондой эле мал жайылуучу участоктордун пайдалануу мезгилдери көрсөтүлгөн (анын ичинде мал жаюу үчүн пайдаланылган айыл чарба жерлеринин башка категориялары да бар).
Жайыт пайдалануунун учурдагы жана учурдан кийинки пландоо системасы
22-таблица
Эскертүү:жайыт тоюттарынын жалпы көлөмүн пландоо жана эсептөө учурунда жайыттарды Мезгил боюнча пайдалануунун жыштыгы, анын ичинде мал жаюу үчүн пайдаланылган айыл чарба жерлеринин башка категорияларыэске алынган. Натыйжада, жайыттардын Мезгил боюнча пайдалануу аянты көбөйүүдө.
Жайыттардын абалын баалоо учурунда айрым жайыт жерлерин ашыкча пайдалануу же аз пайдалануу байкалса, алардын себеби аныкталат, мисалы, сууга жетүү жолдорунун же суу ичүүчү жайлардын жоктугу.
Учурда Чон-Алай А/Асугарылуучу айдоо аянттарында түшүм жыйналгандан кийин кеч күзгө чейин мал жайылат (жер үлүштөрү).
“Жайыт пайдалануучуларды которуштуруп жайгаштыруу” таблицасы менен тереңирээк таанышуу үчүн 22-таблицага курсорду алып барып, чычкандын оң жактагы баскычын басып, «Обөект лист – Открыть» - деген аракетти жасоо менен Excel форматындага таблицанын 2-чи барагынан же ушул документтин эң аягындагы 6-тиркемесинен көрө аласыз
ЖК сунуштаган жайыт жүгүн өзгөртүү төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
Чон-Алай А/А боюнча жазгы жайыттарда оптималдуусыйымдуулук 61 жайыт/күндө 25335 ШМБ түзөт. Пландан кийин көрсөтүлгөн мөөнөттө жазгы жайыттарды 15252 ШМБ жайылат, жайыт жүгү 0,60% түзөт.
- жай мезгилинде жайыт сыйымдуулугу 15579 ШМБ тузот.А/А боюнча жайкы жайыттардын ресурстары жетиштүү, Мезгил боюнча жайыттарга 15512чейин ШМБжайылат.
-күз мезгилинде 28184 ШМБ жаюуга болот.Бирок 15252 ШМБ жайылат .
- кышында,кышкы тоюттун запастары жетишерлик деңгээлден жогору.Ошондой эле 6545 ШМБ ын жайытка жаюуга болот. себептүү ЖК сунушу боюнча мал ээлери 8802 ШМБ короодо кармашат, кышкы жайыттарда 6450 ШМБ жайылат. Активисттер, ЖПБ/ЖКнын мүчөлөрү жайыт пайдалануучулардын арасында жайыт пайдалануучулардын пландары, башка жайыт участокторуна Мезгил боюнча которуулар жөнүндө маалымат таратышат.
2018-жылга карата келечектүү планда малдын тукумун жакшыртуу жана сандан асыл тукумдуулукту жакшыртууга өтүү, малдын азыктуулугун жогорулатуу жана жайыт тиешелүү түрдө пайдалануучулардын кирешелерин өстүрүү максатында абердин ангус огузунун пародасы.жасалма уруктандыруу боюнча көчмө пунктту сатып алуу пландалган.
7.2.мал жайуунун жылдык календардык планы
Чон-Алай А/А мал жаюу участокторун пайдалануу планы жана мал жаюу графиги 6-тиркеменин 8-картасында көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, ЖК мал жаюу графигин иштеп чыккан. Бул графикте ар түрдүү участоктордо мал жаюу тартиби, болжолдуу күндөрүжана мезгили белгиленген. Мал жаюу графиги Кыргызгидрометтин аба ырайы боюнча божомолун (бир айга божомол, 3 суткага божомол жана аба ырайынын чукул өзгөрүшүн эскертүү)эске алуу менен түзүлөт.Бир айга божомол, иш учурунда, 3 күндүк божомол жанааба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуужайыттар боюнча берилген эскертүүлөр менен такталат.
Мал жаюу графиги мал жаюу схемасынын ажырагыс бөлүгү болу эсептелинет (22.1-таблица).
Мал жаюу графигин бир нече жыл бою колдонуу жайыттардын абалын жакшыртуу макстанда мал жаюуну пландоо жана түзөтүүлөрдүкиргизүү боюнча Жайыт комитетин иштиктүү курал менен камсыздайт. Жайыт комитети тарабынан аныкталган жана жайыт пайдалануучулар менен макулдашылган жайыт участокторунда мал жаюу мөөнөтүн Айылдык кеңеш бекитет.
ЖАМБЖ (Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү) жана жайыттардын жүгүн төмөндотүүдө малдарды которуштуруп жайгаштыргандан кийинки мал жаюунун жылдык календардык планы
Таблица №22.1
7.3.Жылдык иш-чаралар графиги (ЖКнын операциондук планы) 2018-жыл үчүн
23-таблица
№ | Иш-чаралар | Айлар | Жооптуулар | |||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | |||
1 | Жайыт пайда-лардын жылдык чогулушу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
2 | А/Акатталган малдарды тактоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| А/Ө, ЖК |
3 | Мезгил боюнча жайытка чыгуучу малдарды тактоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
4 | ЖБПЖПны иштеп чыгуу, ЖПБ жана РАӨБдүн жалпы чогулушунда талкуулоо жана макулдашуу |
|
|
|
| + | + |
|
|
|
|
|
| ЖК/ЖПБ |
5 | Токой чарбасы менен аянттарды тактоо жана келишимдерди тузуу |
|
|
| + | + |
|
|
|
|
|
|
|
|
6 | ЖБПЖПныАК сессиясында бекитүү |
|
|
|
| + | + |
|
|
|
|
|
| ЖК/АК |
7 | Жайыт пайда-лар менен келишим түзүү, жайыт билеттерин берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
8 | Жайыт участокторунун абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК/ МБТ |
9 | Ветеринардык- профилактикалык иштердин аткарылышын контролдоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК, ЖДСТ |
10 | Бруцеллез, лейкоз жаналептоспирозга изилдөөүчүн кандын үлгүсүн алуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖВ |
11 | Аллергиялык метод менен(байкоо иретинде теринин алдына) туберкулинизация жүргүзүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖВ |
12 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
13 | Мезгил боюнча малды которууну уюштуруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
14 | Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акыны жыйноо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
7.4.Малдардын ден соолугун коргоо боюнча жылдык планы*
Эпизотиялык абалга кыскача мүнөздөмө
ВФКМИ жана ЭЭБдин веб-сайттарында жайгашкан расмий маалыматтын анализине таянсак, жаныбарлар дагы да болсо жугуштуу ылаңдардан жабыркап келишет. Алардын кесепетинен малдын азыктуулугу төмөн болуп, мал чарбачылыгына көз каранды болгон үй-бүлөлүк бюджетти толуктоодо фермердик чарбаларга жана үй чарбаларынаолуттуу экономикалык зыян келтирилүүдө. Мындай абал бир катар жугуштуу жана инвазивдик ылаңдардын козгогучтарын өрчүтүүгө шарт түзгөн региондордун табигый-климаттык шарттарынын өзгөчөлүгүнө, жаныбарларды багуу жана кармоо талаптардын бузулгандыгына байланыштуу.
Жүргүзүлгөн анализге көңүл бурсак, айрым жугуштуу ылаңдарга чалдыгуу дээрлик жок экендиги көрүнүп турат, андыктан аларга каршы алдын ала пландуу иш-чаралар Чон-Алай айыл аймагында туура жолдо бараткандыгынан кабар берет
Малдардын ээлерин жана малдардын ден соолугун коргоо боюнча ветеринардык кызмат көрсөтүүчү ветеринардык адисти сурамжылоо, ошондой эле лабораториялык анализдин жана ушул айыл аймактагы мамлекеттик ветеринардык кызматтын отчетторун изилдөөнүн жыйынтыктары бул айыл аймактын аймагындагы мал айрым жугуштуу ылаңдар менен аз санда ылаңдап тургандыгын көрсөтүп турат. Бул ылаңдардын ичинен бодо малдын бруцеллозу жыл сайын катталып турат. Мындан тышкары, табигый очоктору бар же жаныбарларды тоюттандыруу жана багуу эрежелери бузулганда пайда болуучу бир катар жугуштуу ылаңдар да кездешет. Алардын алдын алуу үчүн белгиленген пландуу иш-чараларды өткөрүү талап кылынат. Чон-Алай районундагы Чон-Алай айыл аймагынын малдардын ден соолугун коргоо планы ушулардын баарын эске алуу менен түзүлгөн.
7.5.2018-жылга жылдык иш-чаралардын планы
25-таблица
Участок | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Эскертүү |
Инфраструктураны жакшыртуу | |||
Кызыл-Эшме айылы Сары-бел уч. | Мал суу ичүүчү жайларды уюштуруу (1 даана) | 06.18.-10.18. |
|
ЖПБ/ЖК учун | Кой кыркуучу агрегатты сатып алуу | 06.18-10.18 |
|
ФПЗ участогу | Тажрыйба катарыры арпа уронун себуу (20 га) | Май |
|
Туз-Кашар,Кайрак,Гонду | Кой мончо куруу | 06.18-06.18 |
|
Жибек,Ничке,Балыкты,Алтын-Дара,Топоз-олду,Кара-Жылга участогу | 34,27,46 км жолду калыбына келтирүүнү жана оңдоону улантуу | 04.18-05.18 |
|
Кочкорчу,Кашка-Жол,Бегичи,Чатыр-Таш,Кичине-Кочкорчу,Чеп,Кош-Добо,Данги,Балыкты,Ак-Сугур | Копуролорду кайрадан ремонтоо | 06.18-10.18 |
|
Чон-Алай АА | Селхозтехника МТЗ-89,1 Амкадор 702 EВ | 06.18-10.18 |
|
Чон-Алай АА | Селхозтехника Беларус МТЗ-82,1 | 06.18-10.18 |
|
Чон-Алай АА | Пресс подборщик ПР-Ф-145 | 06.18-10.18 |
|
Жергиликтүү потенциалды өнүктүрүу | |||
Чон-Алай А/А | ЖК/ЖБПнын мүчөлөрүн жайыттардын абалын МБ боюнча окутуу | Май |
|
ЖК/ЖБПнын мүчөлөрүн жамааттык картага түшүрүү боюнча окутуу | май |
| |
ЖК/ЖБПнын мүчөлөрүн ЖБПЖП иштеп чыгуу жана ЖПЖП боюнча окутуу | май |
| |
Чакан долбоорлорду иштеп чыгуу жана экологиялык баалоо жүргүзүү боюнча тренинг жана консультациялар | июнь |
| |
Жайыттардын абалын баалоо | |||
4 кокту боюнча: Кочкорчу Текелик Шыман Тараша | Жайыттардын абалына мониторниг жүргүзүүжана баалоо | июнь-ноябрь |
|
Чон-Алай районуна караштуу Чон-Алай ЖПБ/ЖКнын 2018-жылга жылдык бюджети
27-таблица
Бюджет | |
Чыгаша бөлүгү | Сом |
Жер салыгы жана А/Ө чегерүү | |
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы (50086 га х 2,75) | 137 737 |
|
|
Бардыгы | 137 737 |
Пландалган иш-чаралардын чыгымдары | |
Атайын техника сатып алуу 2 даана(МТЗ-82,МТЗ-89,пресподборщик,плуг) | 4 782 000 |
Тажрыйба катары арпа үрөнүн себүү (20 га) | 90 000 |
Мал суу ичүүчү жайларды уюштуруу (1 даана) | 600000 |
Копуролорду ондоо (Эренбай,Бегичи,Чеп,Сабыр,Карагатты,Кош-Добо,Ак-Сугур,Данги,Арчалы,Балыкты,Чон-Кочкорчу,Кичине-Кочкорчу,Чатыр-Таш,Кашка-Жол,Тараша) | 7550000 |
Кой кыркуучу агрегат сатып алуу | 245000 |
Кой мончо куруу(туз кашар,кайрак,гонду) | 1690000 |
Бардыгы | 14 957 000 |
Жайыт комитетинин чыгымдары (админстративдик чыгымдар) | |
Кызмат акы (төрага 13800*12=165600, бухгалтер 2000*12=24000) СФ чегерүүлөр жана киреше салыгы ушул суммадан алынат | 189600 |
Соц. Фонд | 32706 |
Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо | 10000 |
Долбоорлордун туруктуулугун камсыздоо | 30218 |
ЖПБ/ЖКнын мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу | 10 000 |
34,27,46 км жолду калыбына келтирүүнү жана оңдоону улантуу | 90000 |
Сапар чыгымдары | 70 000 |
Инфраструктура (жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу) | 295 000 |
Кеңсе товарлары | 9 930 |
Башка чыгымдар | 7 929 |
Бардыгы | 745 383 |
Жалпы жыйынтыктоочу чыгымдар | 15 840 120 |
|
|
Киреше бөлүгү | Жалпы сумма |
Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу долбоорунун гранты (АРИС аркылуу) | 11 501 500 |
Жайыттарды пайдалануудан түшкөн акча (15252х60с) | 915 120 |
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануудан түшкөн акча (20га х1500с) | 30 000 |
Спецтехника ФП 955тен тушкон киреше Жергиликтуу Кенеш иштоо тарифин бекитет, Мото час менен эсептелип озуно кетткен чыгымдардын ордун толуктап механизатордун эмгек акысын жана жайыттардын инфра тузумдоруно сарпталат. | 350 000 |
Башка жактан келген малдан тушкон киреше (140 ШМБ х 200 с=2800 сом) | 28000 |
Купканы иштетуудон киреше | 15000 |
Башка демөөрчүлөр (АӨ) | 3 365 500 |
Жалпы жыйынтыктоочу кирешелер | 16 205 120 |
Иштелип чыккан бюджет жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда талкууланат жана Чон-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан бекитилет. Жайыт пайдалануу акысы жалпы чогулушта жана айылдык кеңеш менен макулдашылгандан кийин жайыт пайдалануу акысынын көлөмү ар бир жайыт билеттин ээси үчүн малдын түрү боюнча аныкталат. Жайыт жерлерин пайдалануу акысы жайыт билетинде көрсөтүлөт.
А/А боюнча малдын ар бир түрүнө жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөнүүчү акынын эсеби төмөндө берилген:
- Бодо мал – 60 сом,
- Жаш бодо мал (1 жашка чейин) -42 сом,
- Жылкы – 78 сом,
- Жаш мал (жылкы 1 жашка чейин) - 42 сом,
- майда мал – 12 сом
2018 –жылы жайыт пайдалануучуларга 42 жайыт билетин берүү пландалууда, анын ичинде, чабандарга – 15, ири жайыт пайдалануучу фермерлерге – 12, орто жана майда жайыт пайдалануучуларга – 15.
Жайыт комитети жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн стандарттуу графигин ЖПБнын накталай акча каражаттарынын зарыл агымынын, жайыт пайдалануучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана административдик жөнөкөйлөтүүнүн негизинде белгилеши керек.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы:
|
Таабалды уулу Чолпонбай |