Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-июлу №5
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планы боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 16-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын 2018-2022-жылдарга карата орто мөөнөттүү планына ылайык иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрөө жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Н. Маматназаров |
|
|