Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-июлу №6
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 2018-жылдын 7-февралындагы кезексиз сессиясынын № 4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси З.Исаковдун сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 16-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерге аукцион өткөрүү комиссиясынын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243-токтому менен жактырылган «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө» типтүү жобого ылайык комиссиянын курамына Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеков айыл өкмөтүнүн башчысы катары, комииссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Турдалиев бекитилсин ал эми айыл өкмөттүн башкы адиси юристи комиссиянын курамында калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Н. Маматназаров |
|
|