Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-июлу №1
Чоң-Алай районунда алтын кен байлыктарын өндүрүп жаткан ОсОО ТИК Кайди ЖЧКнын өкүлүА.Бостонбаевдин Кайди ишканасынын бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча маалыматын угуп талкуулап алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 17-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай районунда алтын кен байлыктарын өндүрүп жаткан ОсОО ТИК Кайди ЖЧКнын руда өндүргөн карьерин, хвосто хранилищанын курулушун жана рекультивация эсебин текшерип тактап берүүсү Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинен суралсын.
2. Кайди ЖЧКсы өндүргөн руданын көлөмүн, 1 тонна рудадан канча грамм алтын жана башка элемент алына тургандыгын анализдеп тактап берүү жагы Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан суралсын
3. Жогорудагы мамлекеттик органдар менен бирдикте комиссия түзүп текшерүүлөрдүн жыйынтыгын 2018-жылдын 10-сентябрына чейин Чоң-Алай айылдык кеңешине берүү жагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Кайди ЖЧКсына Чоң-Алай айылдык кеңешине жыл сайын комплекстүү отчет берүүсүмилдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Н. Маматназаров |
|
|