Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-июлу №2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн агрардык машина трактордук станциясы муниципалдык ишканасынын комбайнынын иштөө тарифин бекитүү жөнүндө МТСтин башчысы Абдилакимов Рахимбабанын комбайндын иштөө тартиби боюнча тарифи боюнча сунушун угуп талкуулап алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 17-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн агрардык машина трактордук станциясы муниципалдык ишканасынын комбайнынын иштөө тарифи 1.0 га жер аянтын оруп жыйноо 4500 сом болуп бекитилсин анын ичинен 5%ы механизатордын жана слесардын эмгек акысына, 30%ы комбайндын тетиктерине, күйүүчү майына жана майлоо иштерине, ал эми 2%ы МТСтин башчысынын эмгек акысына жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Н. Маматназаров |
|
|