Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-июлу №5
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жайчибековдун «Өнүктүрүү саясат инстуту» тарабынан Чоң-Алай айыл өкмөтүн колдоо максатында бөлүнгөн акча каражатын жергиликтүү бюджетке чегерүү жана аны бөлүп берүү боюнча сунушун угуп талкуулап алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 17-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар эсебине учурдагы жардамга 2000.0 сом кошумча бекитилсин.
2. Бул акча каражаты айыл өкмөтүнүн аппарат разделинин атайын каражаттар эсебинен төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын. 3112 Машина жана жабдуулар статьясына 1000,0 сом жана 3111 Имараттар жана курулмалар статьясына 1000.0 сом жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Н. Маматназаров |
|
|