Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-майы №8.1
Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Кайын жайлоосуна өтүүчү Туюк-Таш суусуна көпүрө куруу зарылдыгы боюнча Кара-Таш айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Кайын жайлоосуна өтүүчү Туюк-Таш суусуна көпүрө куруу зарылдыгы боюнча Кара-Таш айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушу жактырылсын.
2. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Кайын жайлоосуна өтүүчү Туюк-Таш суусуна көпүрө куруу зарылдыгы боюнча Кара-Таш айылынын жалпы жашоочуларына шарт түзүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевге жана Кара-Таш айылынын айыл башчысы Д.Азимбаевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | П. Сайдилканова |
|
|