Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-майы №8.3
Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы Өрдөш участкасына өтүүчү Кара-Жылга суусуна көпүрөсүн кайрадан калыбына келтирип ондоо зарылдыгы боюнча Сары-Бээ айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы Өрдөш участкасына өтүүчү Кара-Жылга суусунун көпүрөсүн кайрадан калыбына келтирип ондоо зарылдыгы боюнча Сары-Бээ айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушу жактырылсын.
2. Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы Өрдөш участкасына өтүүчү Кара-Жылга суусунун көпүрөсүн кайрадан калыбына келтирүү зарылдыгы боюнча Сары-Бээ айылынын жалпы жашоочуларына шарт түзүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевге жана Сары-Бээ айылынын айыл башчысы А.Жаманкуловго милдеттендирилсин.
Тѳрага | П. Сайдилканова |
|
|