Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты №4/1
Чаувай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессия төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясында катышкан депутаттардын айткан сын-сунуштарын эске алып «Кирекс оф минералс» ОсОО нун убактылуу геологиялык чалгындоо иштерине макулдук берилбесин .
Тѳрага | Ж. Тешебаев |
|
|
Чаувай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясынын
ПРОТОКОЛУ
Чаувай айылы | 16-март 2017-жыл
|
Ж.Тешебаев, айылдык кеңештин
төрагасы, сессиянын төрагасы
Чаувай айылдык кеңешине шайланган 11 депутаттан бугунку сессияга 8депутат катышууда, ар турдуу себептер менен 3 депутат келген жок. Кворум бар. Сессия депутаттардын сунушу менен ачык деп жарыяланды.
Бугунку сессияга Чаувай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бакиров.
“Кирекс оф минералс” ОсОО нун генералдык директорунун орун басары, «Z- Explorer» ЖАКтын башкы геологу Атабаев Омурбектер
катышты.
Кун тартибиндеги маселе:
Чаувай айыл аймагынан 305,34 га жер участогуна “Кирекс оф минералс” ОсОО лицензия № 5150 АП 26 .12.2016-ж. убактылуу геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жөнүндө 2017-жылдын 30-январындагы №024-17 сандуу катын кароо жөнүндө.
Кун тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы Ж.Тешебаев сессиянын катышуучуларын кеңири түшүндүрүп өттү.
Андан соң сөздү «Кирекс оф минералс»ОсООнун генералдык директорунун орун басарына жана « Z- Explorer » ЖАК тын башкы геологуна берип, алар өздөрү жүргүзө турган ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат беришти.
Сессиянын жүрүшүндө депутаттар өз ойлорун ортого салышып, эгерде геологиялык чалгындоо жүргүзө турган болсо, Чаувай айылынын жер кыртышына өтө көп зыяндар келтирилеерин ,ансыз да айыл кооптуу аймакта жайгашкандыгын эске алышып,айтып кетишти.
Натыйжада “Кирекс оф минералс” ОсОО нун айылдын жерлерине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүсүнө макул эмес экендиктерин билдиришти.
Чаувай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессия ттөмөнкүдөй
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясында катышкан депутаттардын айткан сын-сунуштарын эске алып «Кирекс оф минералс» ОсОО нун убактылуу геологиялык чалгындоо иштерине макулдук берилген жок.
Чаувай айылдык кеңешинин төрагасы:
| Ж.Тешебаев |
Катчысы: | Н.Назаров |