Загрузка документа…
ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июлу №7/1
Чаувай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаувай айыл аймагындагы жергиликтүү калктын социалдык абалын эске алуу менен жана айылдын экономикасын көтөрүү максатында, ошондой эле сессия мезгилинде депутаттардын айткан сын-сунуштарын эске алуу менен Чаувай айыл аймагынын административдик чек арасын кайрадан карап чыгуу жана керектүү документтерин бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бакировго жүктөлсүн.
2. Айыл аймагындагы акыр-чикирлерди алып чыгып таштоого жана өрттөөгө айылдын Чилтан участкасынан жер ажыратылып берилсин жана таштанды таштоого берилген жердин айланасын тосуу иштерин уюштуруп бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бакировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Тешебаев |
|
|